Site icon Reporter.kg

Чүйдө жигит талашып 11 жашар кыздар мушташты, — видео

Интернетте мушташып жаткан видеосу тараган кыздардын аты жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасмадагы мушташып жаткандар 11 жаштагы Н.З. жана Д.А. аттуу кыздар экени аныкталган. Аталган факт Жоруктар кодексинин 66-беренеси (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) боюнча катталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кыздар Москва РИИБине жеткирилип, алар жигит талашып мушташканы аныкталган.
Бирок 2 кыздын тең ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Exit mobile version