Чүй милициясы «Репортерго» Орок айылы боюнча жаңылыш маалымат берип алганын моюндады

Чүй милициясы «Репортерго» Орок айылы боюнча жаңылыш маалымат берип алганын моюндады

Чүй облустук милициясынын  басма сөз кызматы “Орок айылында эч кандай жаңжал болгон эмес” деп, буга чейин Репортер агенттигине берген маалыматты жаңылыш айтып алдык деп, аталган айылда үлпөт тойдон кийин ок атышуу болгонун тастыктады.

Бул факты адегенде Бишкек шаарнын Ленин райондук милициясына катталгандыктан, Чүй облустук милициясы окуядан кабардар болбогондугун айтты.

“29-сентябрь күнү  саат 23:30 чамасында Орок жана Жал айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан эки киши октон жабыркап, Бишкектеги ооруканалардын бирине кайрылган. Бул факты Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  териштирүү иштери башталган”, — деди облустук милициядан.

Белгилей кетсек, бүгүн эрте менен бюир катар басылмалар өздүк булактарга таянып  Орок айылында жаңжал чыккандыгын жазган.

Маалыматты тактоо үчүн Чүй обулстук милициясынын басма сөз катчысы Нургүл Нусуповага байланышканыбызда, ал жогоруда айтылган маалыматты четке каккан эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>