Азимжан Аскаровду камактан бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок

Азимжан Аскаровду камактан бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок

Бүгүн, 30-июлда Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Ишти Улан Садырбеков төрагалык кылган коллегия карап чыкты.

Отурум 16-июлга белгиленип, ишти карачу соттук коллегиянын курамы толук эмес болгондуктан 30-июлга жылдырылган болчу.

Адвокат Валерьян Вахитов Аскаровду бошотууну суранган. Ал эми мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирген.

Эскерте кетсек, Аскаров 2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту “Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген” деп тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>