Чүй облустук ооруканасында 46 жаштагы бейтап өз жанын кыйды

Чүй облустук ооруканасында 46 жаштагы бейтап өз жанын кыйды

Чүй облустук ооруканасында 46 жаштагы бейтап өз жанын кыйды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түзүмдүн маалыматына ылайык, 17-февраль күнү саат 12:36 чамасында райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө жаткан 1974-жылы туулган Ш.Б., өз жанын кыйгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Ооруканага  барган ыкчам-тергөө топтун кызматкерлери бычактан жараат алып каза болгон эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>