Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскарткан жок

Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскарткан жок

Чүй облустук соту парламенттин мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча апелляциялык даттануу карап, анын Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Садыр Жапаровдун жактоочулары соттун чечимине макул эместигин айтышып, жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.

16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза мөөнөтүн кыскартуу сунушун карап бирок Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскарткан эмес.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди “барымтага алган” деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Ушул жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>