Чүй облусунда 2-сентябрда 700 милиция тартипти көзөмөлгө алат

Чүй облусунда 2-сентябрда 700 милиция тартипти көзөмөлгө алат

Эртең, 2-сентябрь күнү Чүй облусунун аймагында 700дөй милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиргенин «super.kg» жазып чыкты.

«Чүй облусундагы 350 окуу жайында Билим күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Аталган мекемелерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн иш алып барат. Мындан тышкары, жолдордо Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүшөт», — деп билдирди басма сөз кызматынан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>