Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан эже-сиңди курбусунун үйүнөн табылды. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты.
Эже – сиңди ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди.
«25-январда Новониколаевка айылынын тургуну 15 жана 20 жаштагы кыздары эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Ала издөө иштеринин негизинде жана туугандарынын суралышынын жыйынтыгында 2 саат аралыгында кыздар каякта экени аныкталды», — деп жазылат маалыматта.