Чүй облусунда кызганычтын айынан аял катуу сабалды

Чүй облусунда кызганычтын айынан аял катуу сабалды

Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын ноябрь айынын башында Жайыл районунун ички иштер органдарына Ставрополовка айылынын 1980-жылы туулган тургуну Б.А., 1986-жылы туулган Б.А.га денесине залал келтирген белгисиз адамдарга чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Белгисиз адамдар аны сабап, из жашырып кетишкен. Натыйжада аял алган жаракатынан аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Кабыл алынган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип, мурда оор кылмыш үчүн соттолгон 1968-жылы туулган У.В. кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка мас абалында кызганычтын айынан аялдар ортосундагы уруш себеп болгон.

Учурда кылмышка шектүү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>