Чүй ОИИБ: Аялды бетке тепкен кишинин өздүгү такталып, милицияга жеткирилди

Чүй ОИИБ: Аялды бетке тепкен кишинин өздүгү такталып, милицияга жеткирилди

Бир нече киши катышкан мушташ учурунда аялды бетке тепкен кишинин өздүгү такталып, милицияга жеткирилди. Бул туурлуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окуя 26-июнь күнү Аламүдүн районундагы Адилет конушунда болгон. Тергөөнүн баштапкы версиясы боюнча, жаңжал жер талаштан чыккан.

“Жаңжал учурунда 30-35 жаштар чамасындагы эки адам 28 жаштагы адам менен анын апасынын денесине жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабырлануучулардын арызынын негизинде ыкчам-иликтөө иш чаралар жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Алар 48 жана 38 жаштагы кишилер болгон. Шектүүлөр ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, сурак беришкен.

Учурда окуя тууралуу бардык жагдайлар такталууда, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен шектүүлөрдү камакка алуу боюнча чечим чыгат”, – деп жазылат облустук милициянын билдирүүсү.

Аталган жаңжалдын видеосу интернетке тарган соң коомчулук менен интернет колдонуучулары эркек кишинин жоругуна кыжырданып, анын кармалып, жоопко тартылышын талап кылышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>