Чүйдө үй ээсин дааратканага камап, акча жана баалуу буйумдарды тоногондор кармалды

Чүйдө үй ээсин дааратканага камап, акча жана баалуу буйумдарды тоногондор кармалды

Чүйдө үй ээсин дааратканага камап, акча жана баалу буюмдарды тоноп кеткендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, 26-декабрь күнү Аламүдүн райондук милициясына 23 жаштагы жаран арыз менен кайрылган.

Арызда ал ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Көк-Жар айылындагы үйүнө бет капчан курал көтөргөн адамдар тоноого кирип, арыз ээсин дааратканга камап, 25 миң сомун, алтын буюмдарын жана ноутбугун алып из жарышырып кетишкен.

Милициянын маалыматына караганда, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 142 800 сом болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 22-беренеси (“Тоноо”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчым иликтөө иш чараларынын негизинде 4-январь күнү бул кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Д.Н., 34 жаштагы Р.Н., жана 38 жаштагы Ш.З. кармалган.

Кармалгандардын бирөө Талас облусундагы жатак абакта жаза өтөп жатканы аныкталган. Ал эми калган эки адам өткөн жылдын ноябарь айында шарттуу түрдө абактан бошотулушкан.

Азыркы учурда шектүүлөр тергөө абагына киргизилген. Аларды кармоо учурунда бет кап жана травматикалык тапанча алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>