Чүйдө өрттүн кесепетинен эркек киши каза болду

Чүйдө өрттүн кесепетинен эркек киши каза болду

Чүй облусунун Новопокровка айылында турак үй өрттөнүп, эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.

Ал эми маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>