Чүйдө өспүрүм кокустан өзүнө-өзү ок чыгарып жаракат алды

Чүйдө өспүрүм кокустан өзүнө-өзү ок чыгарып жаракат алды

Чүйдө өспүрүм бала ок атуучу курал менен өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда милицияга Кызыл-Октябрь айылындагы турак үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала октон жаракат алды деген маалымат түшкөн. Окуя эртең менен саат 9:30дар чамасында болгон. Анда 15 жаштагы бала гараждагы ок атуучу куралды алып, кокустан өзүн атып алып ооруканага жеткирилген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды. Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылындагы жашы жете элек өспүрүмдүн ок атуучу куралдан жаракат алганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Ал аталган окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды тоодон таап келгенин, бирок ал окторун чыгарып, куралды гаражга катып койгонун айткан.

Учурда окуянын жагдайлары териштирилүүдө. Тийиштүү  экспертизалар дагы дайындалган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>