Site icon Reporter.kg

Чүйдө 15 жашар кызды өгөй атасы зордуктаган деп иш козголду

Чүйдө 15 жашар кызды өгөй атасы зордуктаган деп иш козголду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын тургундары коңшусунун 15 жаштагы кызы аны эки жыл мурун өгөй атасы зордуктаганын айтып үйүндөгүлөр менен жаңжалдашып жатканын кабарлашкан.

Милиция кызматкерлери аталган кыздын үйүнө барганда кыз да жакындары да бул үй – бүлөлүк иш экенин айтып,  кандайдыр бир маалымат бер үүдөн баш тартышкан. 

Бирок аталган зордуктоо тууралуу милиция кызматкерлери иш ачып, териштирүүнү башташкан. 

Кызды жана жакындарын райондук бөлүмгө чакырып, сурак жүргүзүлгөндө кыз үйүнө кайтып баруудан баш тарткан.

Ал эми апасы менен өгөй атасы зордуктоо болбогонун айтышкан.

Милиция кызматкерлери Токмоктогу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүн чакырып, өспүрүмдү аларга тапшырышкан. 

Учурда бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө. 

Exit mobile version