Чүйдө төрт маскачан балдар 19 жаштагы жигити бычактап кетишкен

Чүйдө төрт маскачан балдар 19 жаштагы жигити бычактап кетишкен

Чүйдүн Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү Ала-Арчада белгисиз адамдар тарабынан жаранга кол салуу болгон деген билдирүү түшкөн. Опер кызматкерлери чакырылган жерге келгенде, беткап кийген төрт адам жергиликтүү 46 жаштагы адамдын үйүнө кирип, анын 19 жаштагы улуу баласына бычак сайышканын айтышкан. Белгисиз төрт адам окуя болгон жерден изин суутуп кетишкен. Андан кийин 19 жаштагы жигит эсине келбей алган жаракатынан каза болгон.

Бул кылмышка шектелип 18-19 жана 21 жаштагы төрт адам кечээ, 30-ноябрда кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>