Чүйдө 28 жаштагы жаран аялын бычактап андан соң өзүн бычактап салган

Чүйдө 28 жаштагы жаран аялын бычактап андан соң өзүн бычактап салган

Чүйдө жаш жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдерет.

24-декабрда Беш-Күнгөй айылындагы аскердик госпиталга бычыктан жаракат алган аялдын келип түшкөндүгү кабарланган. Ыкчам-тергөө тобу ооруканага барып, жабырлануучу 24 жаштагы Ы.П. экенин аныкташкан. Ал бычактан алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты Жазык кодексиндеги 130-берене (“Адам өлтүрүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Муну менен катар, саат 21:20да Арашан айылындагы аймактык ооруканага дагы бир жарандын бычакталып түшкөнү кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча ал өзүн бычактап салган. Оорукага барган милиция кызматкелери 28 жаштагы жарандын бычакталып каза болгонун аныкташкан.

Сотко чейинки терөө учурунда каза болгондор жубайлар экени, алар 3 жыл мурун баш кошуп, 2 баланы тарбиялап келгени белгилүү болгон.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, жубайлар Горная Маевка айылындагы үйүндө жаңжалдаша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө бычак урган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>