Чүйдө 3 жашар кыз каналга агып кетти

Чүйдө 3 жашар кыз каналга агып кетти

Чүйдө 3 жашар кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-августта саат 13:40тар чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы каналга 2017-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

Аны издөөгө ӨКМнын 10 куткаруучусу жана 5 жергиликтүү тургун тартылып, бирок караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган. 

Наристени издөө иштери бүгүн, 27-августта улантылат.   

Тэги: канал Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>