Чүйдө 52 жаштагы адам бир тууган агасын бычактап өлтүрдү

Чүйдө 52 жаштагы адам бир тууган агасын бычактап өлтүрдү

Чүйдө 52 жаштагы адам бир тууган агасынын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 27-февраль күнү Сокулук райондук милициясына 58 жаштагы жарандын бычактан жаракат алып  ооруканага түшкөндүгү боюнча билдирүү түшкөн.

Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 52 жаштагы бир тууган иниси кармалган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, бир туугандар спирт ичимдик ичип отуруп жаңжалдаша кетип,  иниси агасына бычак сайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>