Чүйдө 80 жаштагы кайненесин өлтүргөн адам кармалды

Чүйдө 80 жаштагы кайненесин өлтүргөн адам кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 80 жаштагы кайненесин өлтүрүүгө шектелип, 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, 30-ноябрь күнү Озерное айылында аял кишинин киши колдуу болу өлгөндүгү тууралуу Аламүдүн райондук милициясына кабар келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, С.Р. аттуу 80 жаштагы жергиликтүү кемпирдин өлүгүн табышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары К.В. аттуу адам кармалган. Ал маркумдун кызы менен жашап жүргөн. Ал кайненеси менен уруша кетип, аны өлгүчө сабап салган.

Бул факт Жазык кодексиндеги “Адам өлтүрүү” беренеси менен  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>