Чүйдө автоунаа электр түркүгүн сүзүп өрттөнүп кетти – видео

Чүйдө автоунаа электр түркүгүн сүзүп өрттөнүп кетти – видео

Манас аэропортунун жанында жол кырсыгына кабылган автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 26-августта саат 23:00дөр чамасында катталган.  Анда Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Subaru Legacy үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай электр түркүгүн сүзүп алган.

Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаа толук күйүп кеткен. Адамдар жаракат алган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>