Чүйдө аялы күйөөсүн бычактап өлтүрдү – сүрөт

Чүйдө аялы күйөөсүн бычактап өлтүрдү – сүрөт

Чүй облусунун Жайыл районунда күйөөсүнө бычак сайды деген шек менен аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Жайыл аймактык ооруканасына бычактан жаракат алган 32 жаштагы С.А. аттуу киши түшкөн. Көп өтпөй жандандыруу бөлүмүндө алган жаракатынан улам көз жумган. 

Бул окуя боюнча милиция “киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштаган.

Анын жүрүшүндө шектүү катары маркумдун 29 жаштагы А.А. аттуу жубайы кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө чогу спирт ичимдиктерин ичип
отуруп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында
аялы күйөөсүнүн моюнуна бычак менен сайып жиберген.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

[su_image_carousel source=»media: 48925″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>