Чүйдө банктын 1,4 млн сомун карактап кеткендер кармалды — сүрөт

Чүйдө банктын 1,4 млн сомун карактап кеткендер кармалды — сүрөт

Чүйдө банктын 1,4 млн сомун карактап кеткендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда Кант шаарында банктардын бирине тиешелүү банкоматты белгисиз адамдар карактаган. Беткапчан бир нече адам күзөтчүнү курал менен коркутуп, 1 миллион 400 миң сомдон ашуун акчаны алып кетишкен.

Бул окуя боюнча Ысык-Ата райондук милиция кылмыш ишин козгоп иликтөө иштерин баштаган. Анын алкагында ыкчам иликтөө-издөө иштери жүрүп, Бишкек шаарында жүргөн жеринен шектүү катары 35 жаштагы О.У., 21 жаштагы А.А. жана 28 жаштагы А.А. аттуу адамдар кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө алар аталган каракчылыкты жана бир катар тоноо иштерин моюндарына алышкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 46521,46522,46523″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>