Чүйдө BMW 12 жашар баланы өлтүрө сүздү, – видео

Чүйдө BMW 12 жашар баланы өлтүрө сүздү, – видео

Бишкек–Кордай унаа жолунда 12 жашар баланы автоунаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя Бишкек–Кордай унаа жолунда 24 августта саат 14:30тар чамасында болгон. Анда Курманжан-Датка көчөсүндө 28 жаштагы жигиттин башкаруусундагы BMW үлгүсүндөгү автоунаа 12 жашар баланы сүзүп кеткен.  Жол кырсыгынын натыйжасында 12 жашар бала ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болуп калган. 

Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып аянтчасына коюлган.   

Жол кырсыгынын тасмасын “Штраф.kg” баракчасы жарыялады. 

https://www.instagram.com/p/CEW0frxjT1m/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>