Чүйдө эки адамдын урушу өлүм менен аяктады

Чүйдө эки адамдын урушу өлүм менен аяктады

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда эки адамдын пикир келишпестигинен чыккан уруш өлүм менен аяктаганын ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине 34 жаштагы И.А аттуу жаран денесинен жаракат алып, түшкөнү кабарланган. Маевка айылында эки кишинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен. Ооруканага түшкөн жаран эсине келбей каза болду. Кылмышка шектүү катары маркумдун классташы 33 жаштагы К.У. кармалды.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>