Чүйдө компьютердик клубдан акча уурдоого айыпталып өспүрүм кармалды

Чүйдө компьютердик клубдан акча уурдоого айыпталып өспүрүм кармалды

Чүй районунда акча уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 8-декабрда Чүй айылында жайгашкан компьютердик клубдун кассасынан 46 800 сом суммасындагы акча уурдалган. Клубдун ээси арыз менен милицияга кайрылып, ыкчам-иликтөө иштери башталган.

Анын алкагында бул кылмышка шектүү делип 18 жаштагы О.Н. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

 

Тэги: кылмыш Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>