Чүйдө курал сакталган жашыруун жай табылды – сүрөт

Чүйдө курал сакталган жашыруун жай табылды – сүрөт

Куралдардын жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, курал-жарак жана ок-дары сакталган жер Чүй облусунун аймагынан табылган. Ал жерден 2 кесилген мылтык, 160тан ашуун ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болуусу мүмкүн экендиги божомолдонууда.

Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>