Чүйдө кызмат абалынан пайдаланган жетекчилер бюджетке 1,1 млн сом кайтарды

Чүйдө кызмат абалынан пайдаланган жетекчилер бюджетке 1,1 млн сом кайтарды

Чүй облусунда мамлекеттин каражаттарын мыйзамсыз пайдалангандар бюджеттике келтирилген зыянды кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва районунун Александровка айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.Ю. жана «Александровка» («Таза-Айыл») муниципалдык ишканасынын башчысы Н.С.А. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды.

Такталган боюнча, 2020-жылдын сентябрында аталган адамдар Москва районунун Александровка айылындагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, мамлекетке 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факты 320-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

26-мартта Б.И.Ю. аттуу жаран мурда бөлүнгөн 1,1 миллионн сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мамлекеттин эсебине толугу менен кайтарып берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>