Site icon Reporter.kg

Чүйдө маңзат өсүмдүктөрү жок кылынды

Чүй облусунун Москва районунун аймагында өскөн 3,5 гектар жердеги  жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облсутук милициядан билдиришти.

14-августта өткөрүлгөн “Кара-Куурай” деп аталган рейдинин алкагында орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынган маң зат өсүмдүктөрүнүн салмагы 3,5 тоннага жакын болгон.

Иш чарага милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдорү катышкан.

Exit mobile version