Чүйдө май куйуучу бекетти казак аскерлери тосуп алганы боюнча Чек ара кызматы үн катты

Чүйдө май куйуучу бекетти казак аскерлери тосуп алганы боюнча Чек ара кызматы үн катты

Чүй облусундагы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан “Азия” май куюучу жайынын тегерегин Казакстандын чек арачылары темир зым менен тосуп жатканы тууралуу видео тарады.

Тасмада аскер формасын кийген ондон ашык адам Бишкек-Торугарт автожолунун боюндагы май куюучу жайдын алдын тосуп жатканын көрүүгө болот.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул маалымат боюнча расмий билдирүү таратып, Токмоктогу «Гавайи» ресторанына жакын жерде Казакстанга тиешелүү 800 метр транзиттик аймак бар экендигин белгилеп өттү.

“Транзиттик жолдун бул аймагына Казакстан тарап убактылуу тосмо орнотту. “Азия” жана “Достук” май куючу бекеттери Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жарандары үчүн жабык болот. Ал эми транзиттик жол жүргүнчүлөр үчүн ачык. Кыргызстан тараптан бараткандарга транзиттик жолдун эрежелери тууралуу атайын белгилер орнотулат”, — деп жазылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы айдоочуларга транзитик жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырып өткөн.

Белгилей кетсек, транзиттик жолдо жүк түшүрүүгө, токтогонго жана жүргүнчүлөрдү алып же түшүрүүгө тыюу салынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>