Чүйдө мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалды — сүрөт

Чүйдө мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалды — сүрөт

Чүйдө мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 2-август күнү таңкы саат 03:30дар чамаларында Ысык-Ата районунда тургундун сарайындагы малдарын белгисиз адамдар уурдап кетүүгө аракет кылган. Үй ээси көрүп сыртка чыкканда уурулар “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаа менен из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын алкагында арыз ээси буга чейин да 8 баш майда мал жандыгы уурдалгандыгын айткан.

Ысык-Ата районунун ИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуядан эки саат  өткөндөн кийин кылмышка шектелип эки адам кармалып, ошол эле күнү калган экөөсү да колго түшүрүлгөн. Алар: 35 жаштагы Б.К., 29 жаштагы С.Ж., 45 жаштагы Б.Н. жана 19 жаштагы Ш.А. аттуу жарандар болушкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган топтун Чүй облусундагы ондон ашык мал уурулук кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

[su_image_carousel source=»media: 37387,37388,37389,37390″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>