Чүйдө мас адам жолдон өтүп бараткан киши акча бербей койгону үчүн бычактап өлтүрдү

Чүйдө мас адам жолдон өтүп бараткан киши акча бербей койгону үчүн бычактап өлтүрдү

Чүйдө тургун жолдон өтүп бара жаткан адам акча бербей койгону үчүн бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя Москва районунун Беловодск айылында 13-ноябрда болгон. Анда дүкөндүн жанында турган мас абалындагы 38 жаштагы адам жолдон өтүп бара жаткан кишиден акча сураган. Ал акча бербестигин айтканда бычак менен сайып окуя болгон жерден качып кеткен. 

Жаракат алган адам оор абалда ооруканага түшүп, 3 күндөн кийин каза болгон.   

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 Учурда кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>