Чүйдө мас айдоочу 48 жаштагы аялды өлтүрө сүзгөн

Чүйдө мас айдоочу 48 жаштагы аялды өлтүрө сүзгөн

Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында 48 жаштагы аялды жеңил унаа өлтүрө сүзгөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлагандай, кырсык 10-мартта эртең менен болгон.

Маалыматта айтылгандай, жогорку ылдамдыкта бараткан “Тойота Ист” үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам кырсык болгон жерде мүрт кеткен.

Окуя болгон жерге келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочу мас абалда унаа башкарып бараткандыгын аныкташкан.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>