Чүйдө медресенин жатаканасынын чатыры өрттөндү

Чүйдө медресенин жатаканасынын чатыры өрттөндү

Чүйдөгү Панфилов районунун Телман айылында жайгашкан “Ак-Тилек” медресесинин жатаканасынын чатыры өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 8-сентябрда кечке маал болгон. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чарчы метр чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тарптылган. Алдын ала маалыматттарга караганда каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>