Чүйдө оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти — сүрөт

Чүйдө оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти — сүрөт

Чүйдө оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу түнкү саат 00:00дөр чамасында маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Оор жүк ташуучу унаадан чыккан өрт саат 01:05те чектөөгө алынып, толугу менен саат 01:48де өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.


 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>