Чүйдө опузалап акча алганга шектелип Кытай жарандары кармалды

Чүйдө опузалап акча алганга шектелип Кытай жарандары кармалды

Чүй облусунунда Кытай жарандары опузалап акча алганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Кант шаарында өздөрүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырган белгисиз 5-6 адам кытайлык жаранды ак түстөгү автоунаага күч менен салып, Кара-Балта шаарына көздөй алып кетишкен.

“Шектүүлөр психологиялык таасир көрсөтүү максатында чет өлкөлүк жаранды талаага алып барып,  көрүстөндүн жанында бычак менен коркутушуп, акча каражатын опузалап талап кылышкан. Ошол эле учурда алар жабырлануучуга карата физикалык күч колдонуп, 5100 АКШ доллардан кем эмес  акча каражатын  талап кылышкан. Эртең менен аны шаарга алып келип ташташып, жабырлануучуда болгон 5000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып,  өздөрү белгисиз тарапка кетип калышкан. Алар физикалык күч менен коркутушуп, дагы акча даярдоого буйрук беришкен. Опузалап акча талап кылган деп шектелгендердин арасында чет өлкөлүк жарандар дагы болгон”,  -деп айтылат маалыматта.

Андан кийин, белгисиз адамдар мыйзамсыз аракеттерин улантып, кайрадан 5000 АКШ долларын талап кылууну уланта башташкан.

Билдирүүгө таянсак, 22-февралда саат 20:30 чамасында талап кылып жаткан акча каражатынын бир бөлүгүн,  тактап айтканда 1000 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен Кытайдын 1985-жылы туулган В.К. жана 1993-жылы туулган Ж.Р. аттуу жарандары кармалган.  Шектүүлөр Бишкек шаарында убактылуу жашашкан.

Ал эми кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда кылмышка катыштыгы бар башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>