Чүйдө пара алган милиция кызматкери кармалды

Чүйдө пара алган милиция кызматкери кармалды

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 10 миң сом пара алганы үчүн кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин ички иликтөө кызматына 18-июнь күнү бир адам арыз менен кайрылып, анын досунун кылмыш ишин токтотуу үчүн «Чыңгыз» аттуу кызматкер акча талап кылганын айткан. Арыздануучу милиция кызматкерине акчаны банк аркылуу которгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Натыйжада Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты К.Ч. кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>