Чүйдө турак үй өрттөнүп, 5 адам жабыркады

Чүйдө турак үй өрттөнүп, 5 адам жабыркады

Чүй облусунун Москва районундагы Перпеченко айылында турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам жабыркады. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Өрттүн кесепетинен үйдүн дубалы жана шыбы күйгөн. Жабыркаган 5 адам тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген, абалы канааттандырарлык.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдын суммасы такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>