Чүйдө турак үйдөн чыккан өрттөн 89 жаштагы киши каза болду

Чүйдө турак үйдөн чыккан өрттөн 89 жаштагы киши каза болду

Чүйдөгү өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, өрт турак үйдөн чыккан, анын кесепетинен үй ээси 1930-жылы туулган У.П. аттуу 89 жаштагы эркек киши каза болду. Окуя Москва районуна караштуу Беловодское айылында катталган. Өрттүн жалпы аянты 40 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кетти.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 10 өрт катталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>