Чүйдө турак жай өрттөнүп 47 жаштагы адам каза болду

Чүйдө турак жай өрттөнүп 47 жаштагы адам каза болду

Чүй облусунун Панфилов районунда турак жайдан өрт чыгып, 47 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы турак жайлардын биринен түнкү саат 3:30дар чамасында өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

Тилсиз жоодон 47 жаштагы киши көз жумган.

ӨКМнын куткаруучулар маркумдун жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. 

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>