Чүйдө турак жай өрттөнүп жатат. Бир адам көз жумду

Чүйдө турак жай өрттөнүп жатат. Бир адам көз жумду

Чүйдө турак жайдан өрт чыгып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-декабрга караган түнү таңга маал Москва районуна караштуу Ак-Суу айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкканы тууралуу ӨКМга маалымат түшкөн. 

Өрттүн кесепетинен 74 жаштагы аял каза болгон.

Учурда тилсиз жоо чектөөгө алынган, аны толук өчүрүү иштери уланууда. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>