Чүйдө тургундун үйүнөн кол пулемёт табылды – сүрөт

Чүйдө тургундун үйүнөн кол пулемёт табылды – сүрөт

Чүйдө тургундун үйүнөн Улуу Ата-Мекендик согуштун убагындагы курал табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын алкагында Жайыл районунун Алексеевка айылынын 55 жаштагы К.В. аттуу тургунун үйүнөн ок атуучу курал табылган.  Алдына ала маалыматтар боюнча бул 1941-жылдан баштап кызыл армия куралдана баштаган “Шпагиндин кол пулемёту” болгон. 

Курал алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле “мыйзамсыз курал, ок дары сактоо” беренеси менен иш козголгон. 

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 51579,51580,51581,51582″ crop=»none» autoplay=»4″]

Тэги: курал Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>