Атактуу спортчулар болгон! Чүйдө унаа сүзүп өлтүргөн велосипедчендердин аты-жөнү такталды

Атактуу спортчулар болгон! Чүйдө унаа сүзүп өлтүргөн велосипедчендердин аты-жөнү такталды

Аэропортко бара жаткан жолдо унаа сүзгөн велосипедчен адамдар таанымал спортчулар болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын триатлон федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза болгондор велоспорт боюнча мурдагы профессионал спортчулар. Бири СССРдин спорт чебери 46 жаштагы Илья Сидоров болсо, экинчиси Кыргызстандын спорт чебери 44 жаштагы Евгений Требунский аттуу адам болгон.

Алар триатлон федерациясына мүчө болуп, Кыргызстандагы велоспорттун өнүгүүсүнө салым кошуп келишкен.

Жол кырсыгы болгон күнү да алар велосипед менен кезектеги машыгуусуна чыгышкан.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-июнда “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо мас абалындагы айдоочу унаасы менен эки  велосипедчен адамды сүзүп кеткен. Алардын бири окуя болгон жерде каза болсо, экинчиси ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

[su_image_carousel source=»media: 33286,33285″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>