Чүйдө унаасы менен тоодон кулаган айдоочу ооруканага жетпей каза болду

Чүйдө унаасы менен тоодон кулаган айдоочу ооруканага жетпей каза болду

Аламүдүн районунун Байтик айылындагы унаа кырсыгы 24 жаштагы жигиттин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрилиги билдиргендей, кырсык  28-апрель күнү саат 22:00дө болгон.

Анда аталган айылдагы Боз-Бөлтөк тоосунан “Тайота Прадо” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учуруап, тоодон коктуга кулап түшкөн.

Кырсыктан оор жаракат алган айдоочуну куткаруучулар атайы замбар менен коктудан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок ал  ооруканага жетпей көз жумган.

иллюстрациялык сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>