Чүйдө уруулукка шектелип 4 жаран кармалды — сүрөттөр

Чүйдө уруулукка шектелип 4 жаран кармалды — сүрөттөр

Чүйдүн Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери уурулук боюнча шектүү 4 жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда 14-декабрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 48 жаштагы Маевка айылынын тургуну арыз менен кайрылган.

[su_image_carousel source=»media: 17339,17338,17337,17336″ limit=»36″ slides_style=»photo» crop=»none»]

«Жабырлануучунун арызында анын үйүнө уурулар кирип, ноутбук жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Буюмдарынын болжолдуу баасы 50 миң сомго бааланган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 4 жаранды кармашкан. Алар 21 жаштагы У.И., 23 жаштагы Ш.Т., 22-жаштагы Т.Б., жана 21 жаштагы Ж.М. атуу жарандар колго түшкөн.

Шектүүлөрдүн мурда дагы уурулук боюнча башка дагы кылмыштарга тиешеси бар болгон. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>