Чүйдө жашы жете элек кызды ала качкан 3 жигит кармалды

Чүйдө жашы жете элек кызды ала качкан 3 жигит кармалды

Чүйдө жашы жете элек кызды никеге туруу максатында ала качкан 3 жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-апрелде катталган. Анда Жайыл районунун Кара-Дөбө айылында 2003-жылы туулган кызды белгисиз адамдар ала качып кеткен.

Тергөөнүн алкагында аталган ишке шектүү катары 23 жаштагы Ш.Б. жана 22 жаштагы С.А. менен С.М. кармалган.

Кыз ата-энесине өткөрүлүп берилип, аталган факты боюнча 175-берене (адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен иш козголгон. Тергөө иштери улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>