Чүйдө жеңил автоунаа менен кичи автобус сүзүшүп, 1 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Чүйдө жеңил автоунаа менен кичи автобус сүзүшүп, 1 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан тестиер бала каза болуп,  беш адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-август күнү саат 09:30дар чамасында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен сүзүшүп алган. Анын кесепетинен кичи автобуста бара жаткан 9 жашар бала каза болуп, дагы 4 жүргүнчүсү жаракат алган.

Жеңил автоунаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага түшкөн.    

[su_image_carousel source=»media: 39237,39236″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>