Site icon Reporter.kg

Чүйдө жер силкинди

26-январь күнү саат 15:16да  Чүй облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 балл, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

 

Exit mobile version