Site icon Reporter.kg

Аэропортко бара жаткан жолдо велосипедченди унаа өлтүрө сүздү – видео

«Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо эки велосипедченди унаа сүзүп кетип, бири каза болду.

Чүй облустук жол коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, окуя 30-июнь күнү саат 10:20 чамасында болгон.

“Audi С4 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта баратып, эки велосипедченди сүзүп кеткен. Кырсыктан улам алардын бири каза болду, экинчиси ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдын жанында өздүгүн аныктаган эч кандай документ болгон эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, – деп жазылат мааылматта.

Кырсыктын видеосу “Телеграмдагы” каналдардын бирине жүктөлдү.

Exit mobile version