Чүйдө жол кырсыгынан 16 жана 7 жаштагы балдар мерт кетти

Чүйдө жол кырсыгынан  16 жана 7 жаштагы балдар мерт кетти

Жайыл районунун Орто-Суу айылында 16 жаштагы бала айдап бараткан Ниссан-Сефиро унаасы жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда унаанын айдоочусу жана жүргүнчү катары бараткан 7 жашар бала каза болуп, дагы бир 17 жашар бала Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>