Чүйдөгү №2 түзөтүү аялдар абагында «Сармерден» болуп өттү (сүрөт)

Чүйдөгү №2 түзөтүү аялдар абагында «Сармерден» болуп өттү (сүрөт)

Бүгүн, 30-августта Чүйдүн Степное айылындагы аялдардын №2 түзөтүү колониясында Эгемендүүлүк күнүнө карата «Сармерден» оюну болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Сармерден» оюнунун катышуучулары табышмак, жаңылмач, кыргыздын улуттук ыр-бийин аткарышты. Алар эки топко бөлүнүшкөн. Бул иш-чаранын алып баруучу Анара Шаимкулова, продюсер жана актриса Ырыс Жоомартова алып барды. Ал эми ырчы  Кенже Кубатова ырларын тартуулады. Майрамдык салтанатта боз үй тигилип, эт бышырылды. Ошондой эле бардык катышуучулар грамота жана белектер менен сыйланышты.

ЖАМКнын штаб башчысы Абдиш Коомбаев аталган оюн жогорку деңгээлде уюштурулганын айтып, бул иш-чарага көзөмөл кылганын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>