Чүйдөгү Ала-Арча суусуна аял киши агып каза болду

Чүйдөгү Ала-Арча суусуна аял киши агып каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча суусуна агып кеткен аял кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, 6-июнь күнү саат 14:00 чамасында Аламүдүн районунундагы Ала-Арча жаратылыш паркындагы Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар саат 15:30дар чамасында  каза болгон аял кишинин жансыз денесин суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>